Октябрь районунун акими Максим Ситников кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Шаардык бийликтин маалыматы боюнча, Ситников ден соолугуна байланыштуу жумуштан кетти.

Ал 2019-жылы мэрияда транспорт тармагын тескеген вице-мэр болуп да иштеген.