Финпол дарыны кымбаттаткан дарыканаларды текшере баштады

399

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы айрым дарыканалардын дары-дармек баасын негизсиз жогорулаткан фактыларын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Республика боюнча дарыканаларда баанын жогорулап кетпеши үчүн текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Буга чейин ал аракеттер алдын алуу максатында уюштурулуп келген. Мыйзамсыз фактылар аныкталып, дарыкана ээлери катуу жазаланарын эске салабыз”, — деп жазылган маалыматта.


Мекеме кабарлагандай жогорудагы товарларга бааны негизсиз көтөргөндөр аныкталган жана катуу чара көрүлөт. Финансы полициясы ишкерлерге, дарыкана ээлерине абалдан пайдаланып медициналык каражаттардын баасын көтөрүүгө болбой турганын эскертти.