Борбор калаада эпидемиологиялык абалга байланыштуу бир нече чектөөлөр киргендиктен, карантиндик тартиптерди бузгандарга чаралар көрүлөт. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, рейддердин саны көбөйөт, ал эми айып пулдар эскертүү чараларын көрбөстөн дароо салынат. 

«Мэрия тарабынан райондук администрацияларга, жергиликтүү аймактык башкармалыктардын башчыларына тийиштүү кызматтар менен биргеликте райондордун аймагында күн сайын текшерүүлөрдү өткөрүп туруу тапшырылды. Базарларга, соода борборлоруна, коомдук унаага жана көп адам чогулган жайларга өзгөчө көңүл бурулат«, — деди ал. 

Белгилүү болгондой, бүгүнтөн тартып Бишкек шаарында коомдук транспорттор эртең менен 07:00дөн 10:00гө чейин жана кечинде 17:00дөн 21:00гө чейин жүрөт.

Кафе-ресторандар саат 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин, соода борборлор менен маркеттер саат 07:00дөн, саат 19:00гө чейин иштейт. Баардык базарлар таңкы саат 06:00дөн  кечки  саат 17:00гө чейин иштейт.