5-июлдан тарта Казакстандын бийлиги коронавирус пандемиясына каршы эки жумалык күчөтүлгөн тартипте карантин чараларын киргизет. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Tengrinews.kz маалымат агенттиги кабарлады.

Ага ылайык, өлкөдө спорттук жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө жана сулуулук салондорунун, чач тарачтардын, спортзалдардын, фитнес-борборлордун, бассейндердин, маданий жайлардын, музейлердин, көргөзмөлөрдүн, форумдардын, конференциялардын жана башка уюштурулган массалык иш-чаралардын, көңүл ачуу борборлорунун жана башкалардын ишине тыюу салынат.

Ошондой эле, көчөлөрдө, сейил бактарда 3 адамдан ашык болуп жүрүүгө болбойт жана 65 жаштан ашкан адамдардын кыймылы чектелет. Мындан тышкары, региондордун ортосунда жүргүнчү ташуучу унаалардын кызматы убактылуу токтотулуп, коомдук транспорттордун иши убактысы менен чектелип турат.

Чектөө режими дагы узартылышы мүмкүн.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда жалпы 42 миң 524 адамдан коронавиркс аныкталды. 188 адам көз жумса, 25 миң 533 жаран сакайып чыкты.