Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2020-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашууну (Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбоорун) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык ѳнүктүрүү ассоциациясына (ЭѲА) жогоруда кѳрсѳтүлгѳн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Долбоордун максаты — Өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн натыйжалуу өлчөө максатында салыктарды чогултуунун жана улуттук статистика системасын модернизациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Долбоордун жалпы наркы — 35 млн. АКШ доллары, анын ичинде ЭѲАнын Кредити — 17,5 млн. АКШ доллары, ЭӨАнын Гранты — 17,5 млн. АКШ доллары.

Кредит берүүнүн мөөнөтү — 38 жыл, анын ичинен 6 жылы — жеңилдетилген.

Пайыздык чени — жылдык 0,75%.

Иштетүү мөөнөтү — 5 жыл.

Аткаруучу органдар — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.