Өкмөт жарандарды ооруканаларда өз ыктыяры менен келип иштөөгө чакырып жатканын премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Өкмөт башчы учурда баарынын душманы бир эле коронавирус экенин айтып, бул күрөштө биригүүгө чакырды. Ал эми карантин маалында ыктыярчы жаштардын жасаган эмгеги өкмөттүн ишине тете болгонун белгиледи


“Карантиндик режимде элибиздин кыйналганын көрүп, активдүү жаштар үйүндө тынч жата алган жок. Ар бири колунан келген жардамын көрсөттү. Айрыкча ынтымакташкан жаштардын ыктыярчылык иштери мактоого татыктуу болду. Азыр да сиздерге ишеничибиз, үмүтүбүз чоң. Кайрадан ишке чакырабыз. Кыйынчылык башка түшсө пейили кең элибиз бири-биринин ийинине башын жөлөп, оорун колдон, жеңилин жерден алып жардам берип, жеңип келген. Көп бириксе тоо томкорот”, — деди Боронов.

Ошондой эле ал медицина кызматкерлерине жардамчы болуп келген ыктыярчыларга акы төлөнө турганын белгиледи. Мындан сырткары, Боронов жеке клиникаларды жок дегенде акысыз кеңеш берүү кызматын ишке киргизип, мамлекеттин жүгүн жеңилдетүү үчүн салым кошууга чакырды