Бүгүн, 2-июлда Бишкек шаарында түштөн кийин туруксуз аба ырайы күтүлүүдө. Күн күркүрөп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

«Урматтуу шаар тургундары, сураныч, үйдө болуңуз. Ошондой эле айдоочулардан унааларын дарактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпооңуздарды суранабыз. Бул жол кырсыгынын алдын алуу жана мүлкүңүзгө зыян келтирүүдөн оолак болууга шарт түзөт», — деп айтылат маалыматта.