Пандемия  шартында иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин кошумча айлык акысы көбөйтүлөт жана июнь айынын акчасы 10-июлга чейин төлөнүп берилет. Бул тууралуу 2-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

Июнь айынын тартып кошумча маяна эл чогулткан акчадан эмес, республикалык бюджеттен бөлүнүп берилмей болду.

Бороновдун айтымында, март айы үчүн кошумча акы 21инен баштап эсептелген.

“Март айына 32 миллион сом, апрелге 132 миллиондун тегерегинде, май айына 8991 медицина кызматкерине 109 миллион сом төлөнүп берилди. Кээ бир учурда маселе жаралып жатты, бирок анын баары банктагы картасына которулгандыктан реквизиттери туура эмес жазылып калган же башка ушул сыяктуу себептерге байланыштуу болду. Тилекке каршы, ушундай маселе көбүрөөк катталды. Ал эми июнь айыныкын 10-июлга чейин аймактарга толук которуп, жеткиргиле деп тапшырма берилди. Айлык маянасын гана эмес, кошумча төлөмдөрдү да алып бүтүшү керек болот«.-деди ал.

Июнь айына республикалык бюджеттен 109,6 миллион сом бөлүнгөнү маалым болду.

Кыргызстанда коронавирус 18-марттан тартып каттала баштаган. Кооптуу шартта иштеп жаткан медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүү үчүн элден чогулган акча. Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине түшүп жаткан. Июнга чейинки кошумча маяна ошол акчадан төлөнүп берилди.

Кыргызстанда 18-марттан 2-июлга чейин коронавирус 6261 адамдан табылды, алардын ичинен 66 бейтап кайтыш болду, 2530у айыгып кетти.

Оору жуккандардын 921ү медицина кызматкерлери, алардын үчөө каза тапкан.