“Ысык-Көл облусунан 30 медкызматкер Бишкек шаарына жиберилет”, — деп билдирди КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев.

Анын айтымында, медиктер борбор калаадагы кесиптештерине жардам бермекчи.

“Ошондой эле, Бишкек шаарынан пансионаттарды иштөө үчүн 24 медкызматкер келээри күтүлүүдө. Алар менен келишим түзүлгөн”, — деп кошумчалады.