Англиянын Питерборо шаарынын ,Кембридгешир округунун тургуну кофеиндин дозасын ашыкча ичип каза болду. Бул тууралуу Independent билдирди.

Ширетүүчү болуп иштеген польшалык мигрант 36 жаштагы Лукаш Санделевскинин энеси,  кошуналарынын бири  менен  байланышкандан кийин  маркумдун сөөгү өз үйүнөн табылды.  Анын бөлмөсү бош банка жана ар кандай суусундуктардын бөтөлкөлөрүнө толгон.

Коронер Шон Хорстед денени карап чыгып, маркумдун канында бир литринде- 282 микрограмм кофейин бар деген жыйынтыкка келген Санделевский көз жумардан мурун кандай өлчөмдө кофе ичкени белгисиз. Бирок, колдонулган кофелердин санына карганда анын кофени көп ичкенин байкашкан.

Маалым болгондой, бир миллилитр канга 80 микрограмм кофеиндин үлүшү коркунучтуу деп эсептелет.