Жанар Акаев учурдагы кырдаалды эске алып, кеңсесин берүүгө даярдыгын билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүп чыгып, 118 кызматына оператолор жетишпегендиктен кошумча кызматкерлерди тартуу муктаждыгы жаралган.

Четте турбайлы. Кошумча call-центр ишке кирет Кымбаттуу достор, мындай учурда өкмөттү сындап гана отуруу жетишсиз, кырдаалдан аман чыгуу үчүн ар ким колубуздан келген жардамды аябайлы. Мен Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөштүм, алар азыр 118 колл центрге операторлор жетишпей, миңдеген адамдар жооп алалбай, чоң көйгөй болуп жатканын айтышты. Биз өз офисибизди колл центрге бердик, атайын техника менен камсыздоону да мойнубузга алдык, ошондой эле бул түз байланыш кызматына келип ыктыярчы болуп иштегендерди тамак-аш, үйдөн келип-кетүү жагын да чечебиз. Азырынча бул жерде иштей турган ондон ашуун ыктыярчы медиктерди таптык. Алар медициналык билими бар же медициналык окуу жайды аяктап жаткан ординаторлор, ыктыярчылар. Бизге ушундай адамдар дагы керек болуп жатат, окуп калсаңыздар сөзсүз кабарлашсаңыздар, Сиздерге саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери келип инструкция берет, окутат. Биз менен бирге жардамга кол сунууну каалагандар иш-чарага жооптуу Максат Асанбеков мырзага кайрылсаңыздар болот. (+996 551 51 5050). Дарыгерлерге көмөктөшөм, колл центрге пайдам тийет, кычкылтек концентраторун сатып алууга көмөк көрсөтөм дегендер болсо бизге жазыңыздар. Күтөбүз, ыктыярчылар! Оорубайлы!