Бишкек шаарындагы парктар, гүлбакчалар жана бульварлар эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Шаарда эпидемиологиялык кырдаал абдан курч. Биз шаардыктарды коргоп жана коронавирустун жайылуусун токтотуу үчүн акыркы чараларды кабыл алууга мажбурбуз», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин мэр Азиз Суракматов мэрия парк, сквер, бульварларда, аянттарда эс алууну чектей турганын билдирген болчу. Ошондой эле айрым тармактардын иши токтотулган.