Баткен облусунун 20 медицина кызматкери ооруунун очогу болгон Бишкек шаарына коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ыктыярдуу түрдө жөнөп кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алардын ичинен медицина тармагында 40 жылдан бери эмгектенип келген медицина кызматкерлери да бар.

Аларды Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова тосуп алып, ак жол каалап узатты.