Өткөн сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Каза болгон жарандар:
-Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (аял, 58 жашта);
-Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан — 1 (эркек, 54 жашта);
— Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (59 жаштагы аял киши, медкызматкер);
-Ош шаарынын клиникалык ооруканасынан — 1 (аял, 33 жашта);
-Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан – 1 (33 жаштагы эркек киши);
-Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 5 бейтап (3 эркек – 64,66,80 жашта; 2 аял – 62,63 жашта).

Жалпы каза болгондордун саны 76 кишини түздү.