Күзүндө коронавирустун жайылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу РИА Новостиге вирусолог, Бонн университетинин медициналык факультетинин Вирусология жана ВИЧ изилдөө институтунун директору, профессор Хендрик Стрек билдирди.

Анын айтымында, Европа тарапта кадимки респиратордук оорулар жана буга чейин белгилүү болгон коронавирус суук айларда жогорку активдүүлүктү көрсөтүшөт. Штрек бул вирустар суук жана кургак аба-ырайында, ошондой эле жогорку нымдуулукта тез тарала тургандыгын түшүндүрдү.


Ушуга байланыштуу, ал SARS-CoV-2 жайылышын аба ырайынан көз карандылыгы менен байланыштырды. Ошентип, кыш мезгили жакындап калганда, Австралияда COVID-19 оорусу кескин өсүүсү мүмкүн.

«Азырынча так билбейм, бирок муну тастыктаган көптөгөн маалыматтар бар», — деп жыйынтыктады ал.