Баткен облусунда алгачкы жолу коронавирус оорусунан 1
адам каза болду. Бул
тууралуу бүгүн, 3-июлда облус жетекчилигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал Кызыл-кыя шаарынын 34 жаштагы тургуну.
Каза болгон Сайдибакказ Муратов Кызыл-Кыяда билим берүү тармагында эмгектенчү. Ал
шаардагы ооруканада көз жумду. Тааныштары социалдык тармак аркылуу анын жакындарынын
аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтып жатышат. Маркумдун артында үй-бүлөсү калды.
Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 3-июлда эртең
мененки онлайн маалымат жыйында акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 10 бейтап COVID-19
инфекциясынан каза болгондугун билдирди.