Бул тууралуу “коом press” сайты, академик Сабырбек Жумабековдун билдирүүсүнө таянуу  менен жазып чыкты.

«Кудайга шүгүр, Асел Кадырбекова медицинанын тили менен айтканда “сопр” абалына келди. Бул комадан чыкты дегенди билдирбейт. Кыргызча түшүндүрсөм толук түрдө өзүнө келе элек. Бирок көзүн ачып, тамак ичип “тилиң мурдуң кана”- десек көрсөтө баштады. Биз анын сакайып кетүүсүнө болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Элдин дубасы, дарыгерлердин күчү менен аз-аздап өзүнө келе баштады. Бутуна туруп, үй-бүлөсүнө элге аралашуусун каалайбыз»,-деди ал.

Эскерте кетсек, Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган.Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган.

Бишкек ШИИББи кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып, жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаранга карата Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган.