Быйыл Бишкектин 22 конушу газ менен жылытылат. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында  Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров  билдирди.

Анын айтымында, 47 конуштун ичинен 22 конуш газга туташтырылган.

«Былтыр 168 миң тонна көмүр алынган, быйыл 128 миң тонна көмүр сатып алуу пландалууда. Кыш мезгилинде көмүрдүн көлөмүн кыскартуу Бишкек шаарындагы чаңды азайтууга чоң түрткү берет» , — деди ал.