Мурунку президент Алмазбек Атамбаев атайын кесиптик ооруканада дарыланып жатат. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев  билдирди.


Анын айтымында, ал шаршемби күнү Алмазбек Атамбаев менен жолуккан.

«Алмазбек Атамбаевдин абалы жакшы. Мага дарыланып жатканы тууралуу айтты. ИВЛ аппаратына кошулган эмес. Абалы жакшы.Анын качан чыгаары азырынча белгисиз. ПЦР-анализдин жыйынтыгы жакшы чыкты», — дейт Сергей Слесарев.

Адвокат,  Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн атайын учак менен «Кант» авиабазасынан Москвага кетет деген маалыматты тастыктаган жок жана ар кандай болуп кетиши мүмкүн экендигин айтты.

«Чындыгында бул тууралуу менде эч кандай маалымат жок. Эгер чын эле ушундай болсо менимче расмий түрдө болот. Бирок буга карата даярдык жөнүндө деле кабардар эмесмин, ар кандай болушу мүмкүн. Эгер Алмазбек Атамбаевди башка жакта жана башка дарыгер дарылаш керек болсо которулушу деле толук мүмкүн», — деп кошумчалады.

Маалым болгондой, 30-июнда Алмазбек Атамбаевден эки тараптуу пневмония аныкталган. УКМК белгилегендей, соңку жума ичинде Алмазбек Атамбаев адвокаты жана туугандары менен бир нече ирет жолуккан жана алар кагаз беришкен.