Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу айрым чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу коронавируска каршы ыкчам штабдан билдиришти.

Ага ылайык, төмөнкү талаптар коюлду:

• Базарлар дүйшөмбү күнү ишин токтотуп, дезинфекциялоо иштери жүрөт;

• Соода–сатык пункттары саат 07:00дөн кечки 22:00гө чейин иштешет;

• Кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайлары саат 08:00дөн кечки 22:00гө чейин иштешет;

• Тойкана, караоке-клуб жана компьютердик клубдарга кишинин санына карабастан иштөөсүнө тыюу салынган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 6767ге жетти. Алардын ичинен 994ү медицина кызматкери. Илдеттен 2655 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 76 адам каза болду.