Бүгүн, 3-июлда Бишкекке Дубай-Бишкек каттамы менен 191 Кыргыз жараны «FlyDubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келгенин Республикалык штабдан билдиришти.

Дубай аэропортундагы бекитилген тартипке ылайык, каттамдын бардык жүргүнчүлөрү учуу алдында коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырышты. Өлкөгө кайтып келгендердин арасында жаш балдар дагы бар. Мекендештер министрликтин алгоритмине ылайык, бардык процедуралардан өтүү үчүн көзөмөлгө алынды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарып келүү боюнча иштер улантылууда.