Россия авиациясы коронавирус пандемиясынан улам эл аралык каттамдарды чектөөнү июлдун аягына чейин узартты. Бул тууралуу жергиликтүү орус басылмалары жазып чыкты.

Мындай чечимди Россия Аба каттамынын федералдык агенттиги кабыл алып, чет элдик жарандардын  өлкөгө кирүүсүнө чектөөнү 31-июлга чейин узартууну туура көрүшкөн. Бул маалыматты Домодедово аэропорту жана S7 авиакомпаниясы тастыктаган.

Маалыматта айтылышынча, аталган чектөөнүн экспорттук учууларга, жүк, почта, санитардык жана гуманитардык каттамдарга, бош учактарды техникалык кароого алып барууга, өлкө аймагында транзиттик каттамдарга жана өкмөттүн атайын чечими менен аткарылчу каттамдарга, ошондой эле өлкөдөн чыгып кетүүчү жарандарга тиешеси жок.