«Бакай Банк» Тез жардам борборунун кызматкерлеринин карталарына 1000 сомдон которду. Каражатты бошотуу үчүн банк Бишкектеги бардык сырткы көрнөк-жарнактарды жайгаштыруудан баш тартты.
Акча каражаттары Бишкек шаардык Тез жардам борборунун кызматкерлеринин карталарына түз которулду. Банктын пресс-кызматынын маалыматына караганда, медиктерди колдоо үчүн каражат бардык сырткы жарнамадан баш тартуунун жыйынтыгында бошогон.
«Банк Кыргызстан үчүн ушул оор күндөрдө медицина кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирет», — деп айтылат «Бакай Банктын» билдирүүсүндө.