Өзбекстан Кыргызстанга жардам иретинде 100 даана жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ), 50 даана кычкылтек концентраторун жөнөттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов билдирди.

Анын айтымында, учурда бул жүк жана башка дары-дармектерди жүктөгөн учак Ташкенттен Бишкекти көздөй учуп чыкты:

«Мындай жардам Кыргызстанга керек учурда жөнөтүлүп жатат. Азыр Бишкекке бир сааттан кийин учак барып конот. Эки элдин достугунун белгиси. Эки өлкө ортосундагы ынтымак барган сайын бекемделип жатат»,-деди ал.

Эскерте кетсек, коңшулардан Өзбекстан Кыргызстанга бир канча гуманитардык жардам көрсөтүп келет. Ошл эле учурда Кыргызстан дагы четте калбай кошуналык алаканы бекемдеп гумжардам жөнөткөн жайы бар.