Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев ооруканада пневмониядан дарыланып жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Айтымында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына барып келгенден бир нече күндөн кийин алы куруп, дене табы көтөрүлүп, муундары ооруй баштаган. 3-июлда ага пневмония диагнозу коюлуп, ооруканага жаткырылганы айтылат билдирүүдө. Сеид Атамбаев УКМКнын кызматкерлерине жана укук коргоочуларга кайрылып, ооруканага барып анын тынчын албоону суранган.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмония диагнозу менен президенттин алдындагы иш башкармалыгына караган атайын оорукананын «кызыл зонасында» жатканы кабарланган.