Индиянын түштүгүндөгү Карнатака штатынын бийлиги коронавирустан каза болгондорду  чуңкурга таштап кеткен видео тарагандан кийин кечирим сурады.

Видеотасмада коргонуу каражаттарын кийген кызматкерлер, кара баштыктарга салынган сөөктөрдү, терең чуңкурга ыргытканы көрсөтүлгөн. Бийлик өүлдөрү видеонун чындыгын тастыкташып каза болгон сегиз бейтаптын үй-бүлөлөрүнөн кечирим сурашкан.

«Биз маркумдун үй-бүлөлөрүнө кечирим катын жөнөттүк. Биз абдан өкүнүү менен кечирим сурайбыз.Маркумдарга адамгерчилик менен мамиле жасоо керек экендигин билебиз », — деген жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн бири.

Анын айтымында, видеого түшүп калган жумушчулар иштен бошотулуп, алардын ордуна сөөктөрдү көмүүчү башка топ алынган.