Бүгүн, 4-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +24…+29
Талас облусунда +23…+28
Баткен облусунда +30…+35
Ош жана Жалал-Абад облустарында +30…+35
Ысык-Көл облусунда +20…+25
Нарын облусунда +20…+25
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз +27…+29 градус болот.