Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өзбекстан Республикасынын Президентинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасына кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Гуманитардык жүк өзүнө 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентратын жана 100 даана инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын  камтыйт.

Жалпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүк авиакаттам аркылуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн көмөгү үчүн жана бир тууган өзбек элине колдоо көрсөтүүсү үчүн терең ыраазычылык билдирет.