Жалал-Абад шаарында түнкүсүн иштеп жаткан кафе-барларга айыппул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 20:00дөн кийин Жалал-Абад шаарындагы кафе-барларга, коомдук тамактануучу жайларга, чайканаларга рейд жүрдү.

Белгилей кетсек, буга чейин калаадагы тамактануучу жайлардын иштөө тартибине өзгөртүү киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин иш жүргүзүүгө тыюу салынган. Бардык жайларга бул чечим тууралуу маалымат жеткирилген.

Ага карабай ишин улантып жаткандар рейд учурунда белгилүү болду. Алар — Алтын Ордо, Сафари, Айтегин, Bergbai lounge bar, Оомат, Файз тамактануучу жайлары.

“Бул жайлардын ичинен Алтын Ордо жана Сафари кафелерине айыппул салынып, калгандарына эскертүү берилди. Алдыда бул рейд улантылат. Эскертүүгө карабай иштегендерге ири өлчөмдө айыппул салынат”, — деп айтылат маалыматта.