Вице-премьер-министри Акрам Мадумаров өпкөсү сезгенген бейтаптарды дарылоочу кошумча койко-орундар ачылган убактылуу стационарларды барып көрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Атап айтканда, өлкөнүн аймактарынан келген медициналык кызматкерлер иштей турган убактылуу стационарлар № 1- интернаттын (150 орун), «DISCOVERY» мейманканасынын (30 орун) жана Азиз жана көрүүсү начар балдар интернатынын (80 орун) базасында ачылган. Мындан тышкары, дарыгерлерден жана И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жогорку курсунун студенттеринен турган 6 тез жардам унаасы түзүлүп, чакыруулар боюнча жөнөп кетишти.

Белгилесек, өлкө аймактарынан келген медициналык кызматкерлер гигиена жана санитардык нормалардын талабын аткаруусу туралуу келишим түзүп, алардын айлык акысы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, төлөнүп берилет.

Андан соң вице-премьер-министр фармацевтикалык компания өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Акрам Мадумаров мамлекетке дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды калк үчүн жеткиликтүү баада үзгүлтүксүз камсыздап берүү жаатында көмөк көрсөтүүнү сунуштады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз кезегинде дары-дармектерди жана жабдууларды сатып алуу процедурасын жөнөкөйлөштүрүүдө, ошондой эле тийиштүү дары-дармектерди сатып алууда компаниялар менен түз келишимдерди түзүү маселесинде көмөк көрсөтүү милдеттенмесин алды.

Фармацевтикалык компания өкүлдөрү дары-дармектерди сертификциялоо процедурасы, дары-дармек каражаттарын киргизүү эрежелери, фискалдык жана укук коргоо органдары тараптан текшерүүлөрдүн санын азайтуу сыяктуу бир катар сунуштарды билдиришти.

Вице-премьер-министр белгилегендей, бардык айтылган сунуштар Республикалык ыкчам штабдын мүчөлөрүнүн кароосуна киргизилет жана ал фармацевтикалык компания өкүлдөрүн өлкө үчүн татаал кырдаалда биргеликте иш алып барууга чакырды.