Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн атайын 4 борбор ачылат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Мында ошондой эле капельница дагы алса болот. Белгиленгендей, борборлор саатына 700 бейтапты тейлейт. Убактылуу стационарлар борбор калаанын төрт районунда ачылат.

Убактылуу борборлорду ачуу боюнча иштер Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча жүрүүдө. Бүгүнкү күндүн соңуна чейин бардык даярдоо иштери аякташы керек.