Дүйнөдө 11 млн 48 миң 509 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин сайтына жарыяланды.

Бейтаптардын көбү Америкада. Америка Кошмо Штаттарында 2,7 млн адам, Бразилияда 1,5 млн адам, ал эми Россияда 666,9 миң адам коронавирус жуктурду.

Андан кийинки орундарда:

— Индия — 625,5 адам;

— Перу — 295,5 миң адам;

— Чили — 288 миң адам.

Ошондой эле коронавирустан каза болгондордун саны боюнча да Америка биринчи орунда. Бул өлкөдө вирустун кесепетинен 129,4 миң бейтап каза тапты.

Андан кийинки орундарда:

— Бразилия — 61,8 миң адам;

— Улуу Британия — 44,2 миң адам;

— Италия — 34,8 миң адам.

Кытайдын Ухань шаарынан табылган таажывирусу дүйнөнүн 188 өлкөсүнө тараган. ДССУ бул илдетти пандемия деп жарыялаган.