Жогорку Кеңештин
мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев жана анын жубайы ооруканага жаткырылды. Маалыматты
саясатчынын бир тууган иниси Шайырбек Ташиев ырастады.
Анын айтымында, агасы алгач өз үйүндө ооруп, дене табы көтөрүлгөн. Кечээ, 3-июлда
борбордогу ооруканалардын бирине көрүнүшкөндө эки тараптуу пневмония болгону аныкталган.
«Бүгүн агабызды ооруканага жаткырдык. Буга чейин жеңем да (К.Ташиевдин жубайы) пневмониядан
улам ооруканага жаткан болчу», — деди Шайырбек Ташиев.