Бүгүн, 2020-жылдын 4-июль күнү, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын аскер бөлүктөрүндө 1-20 чакырыктагы 266 жаш жоокерди Аскердик антка келтирүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын басма-сөз кызматынан билдиришти.

Аскердик антка келтирүүдөн алгач жаш жоокерлер, бир ай ичи окуу курсун өтүшүп, аскердик кесиптин алгачкы билимдерин алышты.

Окуу жыйын учурунда биздин жаш жоокерлерибиз мамлекеттик укуктук, саптык, ок атуу, атайын тактикалык жана башка күжүрмөн даярдыгынан сабактарын окушту. Мамлекетибиздеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, Ички коопсуздуктун аскер кызматында алгачкы жолу жаш жоокерлерди Аскердик антка келтирүү аземине ата энелери жана жакын туугандары катышкан жок. Бирок аскер бөлүктөрдүн командирлери тарабынан жаш жоокерлердин Аскердик антка келтирүү аземи ата-энелерине онлайн көрсөтүлүп турду.

Жаш жоокерлерди Ант берүү аземи бөлүктүн командачылыгынын жана башчылардын катышуусунда өткөрүлдү.Салтанаттуу иш чара жаш жоокерлер тарабынан кыска мөөнөттүн ичинде даярдалган курал менен жана кол уруш ыкмаларын көрсөтүү менен аяктады.