Бүгүн, 4-июлда Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айбек Кулубаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Маркум Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылындагы үйүндө акыркы сапарга узатылууда.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, маркум кечээ, 3-июлда Токмок шаардык аймактык ооруканасында каза болгон.

Токмок шаардык аймактык ооруканасынан билдиришкендей, ал пневмониядан көз жумган.

«Өзүнүн астма оорусу бар экен. Бизге аябай ооруп келген. Буга чейин үйүндө ооруп жаткан экен», — деп билдиришкен ооруканадан.