Ырчы Айпери Кубик кызы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратты. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

«Бугүнкү күнүм аябай сонун өттү шугур! Баарын сүрөткө, видеого тарта алган жокмун. Көбү тартпачы, бетибизди көрсөтпөчү деп айтышканынан ушундай болду. Баары жалгыз бой аялдар. Бир эженин 5 баласы бар экен, калган эжелердики 2-3 төн балдары бар, баары квартирада турушат. Дагы бир эжебиздин жолдошу, кызы каза болуп калыптыр.

Муктажбыз чынында деп документтерден бери көрсөтүп жатты. Баары Аллахтан! Сабыр, өмүр, ден соолук тилейм. Дагы бир эжекебиз онкологиялык оору менен ооруп, 6 баласы бар экен. Аш болсун! Аллах ыраазы болсун! Сүрөткө баарын тарта алган жокмун. Бүгүн 15 үй бүлөгө жардам көрсөтүлдү. 35 миң сом каражат кетти»,-деди Айпери Кубик кызы.