4-июлда “Манас” эл аралык аэропорту «Pegasus Airlines» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек» маршруту боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Кыргызстанга Турциядан 237 КР жараны учуп келди, алардын арасында жаш балдар бар.

Бул каттам дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылды.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.