Медицина илимдеринин доктору, профессор Абдиманап Муратов каза болду. Мындай маалыматты маркумдун кесиптештери кабарлады. Маалыматка ылайык, 59 жаштагы Муратов акыркы күндөрү пневмония менен ооруп жаткан.

Абдиманап Муратов 1961-жылы Ош облусунда туулган. Ал Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн соң кардиолог-дарыгер болуп эмгектенген.

Ал президенттин жана өкмөттүн аппаратында саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы катары иштеген. Саламаттык сактоо министринин орун басары, кийин Билим берүү министринин орун басарлыгын аркалаган.

Акыркы жылдары дарыгерлик кесибине кайтып келген. Ал Коронавируска каршы күрөш боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөсү катары пандемияга каршы илимий эмгектерди жарыялаган.