Чүй облусунун Сокулук районунда 5-июль күнү саат 19:14тө Шопоков шаарында көлмөдө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.  

Жеринде ӨКМнин №23 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары болжол менен 55-60 жаш курактагы эркек адамдын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.