Кыргызстандын эл жазуучусу Ч.Айтматовдун уулу Элдар Айтматов жана жубайы Сабира кыздуу болду.

Эскерте кетсек, үй бүлө кыргыз элинен кыздын атын тандоого жардам беришин суранган. Маалым болгондой, С. Айтматова Инстаграмдагы катталуучуларына  кайрылган эле. Жубайлар жеңүүчүгө белек берүүнү убада кылышкан.

Социалдык тармактын колдонуучулары Айтматовдорго кызынын атын, улуу жазуучунун  чыгармаларындагы каармандардан коюуну сунушташкан- Алтынай, Айша, Аминат же Карима деп атоону.

Сабира Айтматованын айтымында, Мария Айтматова (Элдардын энеси) талаш-тартыштардан кийин, наристеге Карима деп ысым ыйгарууну сунуштаган.

«Карима Эльдаровна Айтматова», — деп ысым ыйгарылганы айтылганы менен, жеңүүчү тууралуу маалымат айтылган жок.