Эки тараптуу пневмониядан Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу медициналык адистердин бири, жогорку категориядагы нейрохирург Бектемир Мукамбетомуров көз жумду. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлашты.

Бектемир Мукамбетомуров — саламаттыкты сактоонун отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Түрк дүйнөсүнүн нейрохирургдар ассоциациясынын мүчөсү.

2003-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын №2 нейрохирургия бөлүмүн жетектеген. Ал Жогорку Кеңештин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен сыйланган.


Бектемир Мукамбетомуровдун артында беш баласы — эки кызы жана үч уулу калды. Улуттук госпиталдын кызматкерлери,анын жакындарына кесиптешинин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.