Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда чакан курамдагы коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.

Жыйын видеоконференция форматында өтүүдө.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаал маселеси жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маселе каралууда.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтары угулууда.