Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча пневмония – өпкөнүн сезгениши менен жабыркаган бейтаптар үчүн 2062 койко-орун даярдалып, анын ичинде 62 палата интенсивдүү терапия бар. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

“Бишкек шаары боюнча пневмония – өпкөнүн сезгениши менен жабыркаган бейтаптар үчүн 2062 койко-орун даярдалды. Белгилеп кетсем, көпчүлүгү реанимациялык блогу жана шарттары бар Гансинин базасындагы стационарга барууну каалашпай жатат”, — деп билдирди М.Каратаев.

Ошону менен бирге, стационарлар үчүн орнотулучу жабдыктардын жетишсиздигин белгилеп өттү. Министрдин орун басары ар тараптан колдоо көрсөтүп жаткан кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдирди.

Белгилесек, кечээ республика боюнча бөлүштүрүлгөн медициналык жабдуу алынган. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын стационарларына бөлүнгөн.

«Ал эми, “Ганси” обсерваторунда орточо оор абалдагы бейтаптарды жаткарабыз. Ал үчүн 600 койко-орун даярдалып, бүгүн 112 суюк кычкылтек жеткирүү аппараттарын орнотуп жатабыз”, — деп Каратаев.