Түркмөнстандын Лебап облусунда бийлик кайрадан жарандардын сакалын күчтөп алдыртууда. Бул тууралуу түркмөн басылмалары жазып чыгышты.

Облустун Түркмөнабад шаары менен Фарап районундагы базарларда, көчөлөрдө жүргөн 60 жашка чейинки сакалчан жарандар кармалып, полиция бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө.

«Анда алардын сакалдары алынып, «диний экстремисттерге» жана «ваххабиттерге» тиешеси бар деп айыпталышууда. Акыркы бир нече күндүн ичинде дээрлик жүздөгөн адамдын сакалы күч менен алынды. Мындан улам айрым тургундар кармалуудан коркуп, өздөрү эле сакалдарын алууга аргасыз болуп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, Түркмөн бийлиги акыркы жылдарда сакал коюп жүрүүгө каршы күрөшүп келет. Былтыр 20 жаштан 55 жашка чейинки сакалчан жарандар учактарга жана поезддерге киргизилбей, айрымдары сакалын сапар алдында алууга аргасыз болуп жатканы кабарланган.