Адам өмүрүнүн үчтөн бир бөлүгүн уктап жатып өткөзөт экен. Уйку адам организми үчүн абадай эле кажет. Бирок, айрымдарыбызда уйку качып көзүбүз илинбеген учурлар кездешет. Буга эмне себеп? Аны кантип жеңүүгө болот? Анда эмесе суроолорубузга жооп издейли.

УЙКУ ТУУРАЛУУ

Нормалдуу эс алуу үчүн чоң адамдарга күнүнө 7-8, ал эми жаш балдарга 10 саат уйку керектелет. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, эринчээк жана үмүтсүз адамдар көбүрөөк укташат. Ар бир адамдын уйкуга муктаждыгы бар. Уктабастан жакшы жашоо өткөрүү мүмкүн эмес. Уйкудан дайым жапа чегип жүргөн адам жөнү жок ачууланып, сөз көтөрө албай, нерви чыңалган абалында жүрөт.

Окумуштуулар 2-3 күндүк уйкудан калган адамдар аң-сезимдүү ойлонуу, көңүл буруу, маалымат кабыл алуудан артта калып, жашоого болгон сезимталдыгын, кубанычын жоготушарын изилдеп чыгышкан. 5 күн уктабаган адам соо абалында айтпачу сөздөрдү сүйлөп, дөөрүгөн абалга жеткенин да баса белгилешкен.

УЙКУСУЗДУКТУН СЕБЕПТЕРИ

•Оорунун ар кандай түрлөрү (тиш оору, гайморит, сасык тумоо жана башкалар). Чындыгында, көпчүлүк оорулар түнкүсүн күч алат. Андыктан эртерээк дарыгерге кайрылыңыз.

•Түйшүк, санаа. Жатар маалда бүйүр кызыткан тасмаларды көрүү же уруш-талаш, көр тирилик жөнүндө ойлоо уйкуну качырат. Ошол себептүү уктаарга 3-4 саат калганда тынчтанып, мээни сергитүү абзел.

•Жарык. Жарык уйкуга тоскоол болот. Жаздыкка баш коёрдон 3-4 саат мурун жарыкты өчүрүп, ордуна күңүрт жарык бергичти сайып койгонуңуз оң.

•Уктоо режими. Ооба, көпчүлүгүбүздүн жумуш күндөрү таң атпай туруп, ал эми дем алыш күндөрү шашкеге чейин уктоо адатыбыз. Биздин мындай кылыгыбызды организм жактырбайт. Анын биологиялык ыргагын бузат. Андыктан белгиленген убакта жатып, ойгонууга көнүңүз.

•Баш аламандык. Уктоочу бөлмө тыкан болуусу зарыл. Демек, ал жерге сыналгы, компьютер, тигүүчү машина жана башка ашык буюмдарды коюп кереги жок.

•Талыкшуу. Кеч жатып, эрте ойгонгон күнү үргүлөп, кирпик жабышары маалым. Мындайда убакыт таап, жарым саат болсо да «тук» этип алган туура. Бирок түш оогондон кийин, айрыкча күүгүмдө уйкуга баш уруу – ден соолукка зыян.

•Борпоңдук. Кара жумуштан, жөө басуудан, көнүгүүлөрдү жасоодон качпаңыз. Кыймылдын аздыгы да уйкусуздукка себеп.

•Коңурук. Коңурук тарткан адамдын уйкусу канбайт. Анткени коңурук тарткан кезде дем алуу убактылуу токтоп, мээге, өпкөгө кычкылтек жетпей калат. Жүрөк, кан тамыр ооруларына чалдыккыңыз келбесе, анда адистерге көрүнүп, коңуруктан арылыңыз.

•Тамеки, ичимдик. Буркурата чегилген тамеки, алкоголь ичимдиктери тынч уйкуну жоготот. Түндөсү ичилген ичимдиктен кийин эртең менен ойгонуу, калыбыңа келүү өтө кыйын. Эгер таттуу уйкуну кааласаңыз, тамекиден жана ичимдик ичүүдөн баш тартканыңыз оң.

•Туура эмес тамактануу. Жатар алдында күчтүү тамактанып алганда организм тамак сиңирүү менен алектенип, уктап эс алууга күчү жетпей калат. Мындан сырткары кофе, кызыл демделген чай уйкуну бузат.

ТЫНЧ УКТООГО ЭМНЕЛЕР ЖАРДАМ БЕРЕТ?

I.Уктоо алдында таза аба жутуп, жай сейилдеп басыңыз.

II.Моюн, ийин булчуңдарына, башка жумшак массаж жасатуу жакшы.

III.Жатар алдында жылуу сууга чайынуу же жылуу ваннада чөп кайнатмаларын кошуп жатуу пайдалуу. Суу булчуңдардын чыңалуусун жазып, уйку чакырат.

IV.Уйку келбегенде ары-бери оодарылып кыйналгандан көрө китеп-журнал барактап же башка майда нерселер менен алаксысаңыз, «сокур молдо» качан жетелеп кеткенин сезбей каласыз.

V.Жагымдуу, жай музыка же жаратылыштагы үндөр: жалбырактын шуудуру, суунун шылдыраганы, жаандын дыбыраганы жаздырылган үндөр уктоого жетелейт.

VI.Жакшы ойлорго алаксыңыз, кыялданыңыз. Мисалы, термелген кайыкта жатканды.

VII.Майдаланган арча, ромашка, карагай тобурчактары салынган баштыкчаны баш жагыңызга коюп, жыттап жатыңыз. Чөптөрдүн курамындагы эфир майы эс алдыруучу касиетке ээ.

VIII.Сергип укташ үчүн дары чөптөрдөн демделген чай же бир стакан жылуу сүт ичиңиз.

КУШ УЙКУ САЛГАНДАН УЯЛБАҢЫЗ!

Ооба, айрымдар уйкусуздуктан жабыр тартса, тескерисинче, айрымдардын уйкусу канбайт. Бул учурда эмне кылуу керек?
•Куш уйкуга убакыт табуу зарыл. Себеби «тук» этип алуудан түнкүсүн кемиген уйку толукталып, мээнин иштеши жакшырып, маанай көтөрүлөт.
•Кофе же чай ичиңиз. Бирок бул суусундуктарды өтө көп ичүү жүрөктүн согушун тездетип, кан басымды көтөрөрүн эске алыңыз.
•Муздак аба, муздак сууга чайынуу уйкуну умачтай ачат.
•Бирөөлөр менен жандуу сүйлөшүү, үн чыгарып ырдоо да жабышкан көздөрдү ачат.
•Сагыз же кургатылган жер-жемиш чайнаганда жаак сөөктөрү иштеп, уйкуну келтирбейт.

Булак: insan.kg