Instagram тармагында дарыгерлер менен түз эфирге чыгуу долбоору башталды, мында сиздер актуалдуу темалар боюнча кызыктырган суроолоруңузду узатсаңыздар болот. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Долбоор КР Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргызстан Кызыл Ай Коому, Республикалык штаб жана “Антарес» креативдүү тобу менен биргеликте ишке ашырылууда.

Ал үчүн жарандар Instagram соцтармагына кирип, slovo_doctoru деген баракчага жазылышы керек.