Оренбург жана Самара облустарынан 1 496 кыргызстандык 31 автобус менен мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Россиядагы Элчиликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-июлда Оренбург жана Самара облустарынан 31 автобус менен 1 496 кыргыз жарандары Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Кайтарылгандардын тизмесине Оренбург облусунун Соль-Илецк районундагы чатыр лагерде жайгашкан, ошондой эле Самара облусунун “Маштаково” көзөмөл өткөрүү бекетинин жанында топтолгон кыргызстандыктар кирген.

“Элчилик Россия тарабы менен биргеликте мекенине кайтып жаткан Кыргызстандын бардык жарандарынын ПЦР-тестин акысыз өткөрүү маселесин чечти.

Мекендештерибизди кайтаруу үчүн автобустардын ижара акысы толугу менен коронавирустук илдетти өлкөгө кирүүнү жана андан ары жайылышын болтурбоо боюнча, Кыргызстандын Республикалык штабы тарабынан каржыланды.

Бул автобустар менен Кыргызстанга кайтышкан жарандардын унаалары 4 трал менен жөнөтүү уюштурулду.

Ошентип, Оренбург облусунун аймагында, анын ичинде Соль-Илецк шаарында Кыргызстандын жарандары жок”, – деп айтылат маалыматта. Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал татаал болгонун эске алып, мекенине тез арада чыгууга себептери жок жарандарды, мүмкүн болсо, кырдаал турукташмайынча Кыргызстанга кайтуудан баш тартууга Элчилик чакырат.