Бишкек шаарында 4 күндүзгү стационар борбору ачылып, оорунун жеңил жана орточо оор абалы менен ооругандарга керектүү медициналык жардам берип жатышат. Борборлор саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин иштешет. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Кайрылуулар боюнча:

Биринчи май району (Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосу) 0 550 03-73-12
150 койка-орун даярдалып, жалпы 587 адам кайрылган, алардын ичинен: капельница жана тийиштүү медициналык жардамды алгандар – 570, кеңеш алгандар – 14, стационарга жаткырылгандар – 3 адам.

Ленин району («Газпром» Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси) 0 550 04-43-12
90 койка-орун даярдалып, жалпы 362 адам кайрылган, баардыгына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Свердлов району (Р. Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси) 0 550 04-23-12
150 койка-орун даярдалып, жалпы 265 адам кайрылган, алардын ичинен: капельница жана тийиштүү медициналык жардамды алгандар – 122, кеңеш алгандар – 140, стационарга жаткырылгандар – 1 адам. Тилекке каршы, 2 адам каза болду.

Октябрь району (12-кичи районундагы чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты) 0 550 03-93-12
140 койка-орун даярдалып, жалпы 520 адам кайрылган, алардын ичинен: капельница жана тийиштүү медициналык жардамды алгандар – 503, кеңеш алгандар – 14, стационарга жаткырылгандар – 2 адам. Тилекке каршы, 1 адам каза болду.