Бишкек шаарында 5 күн ичинде 34 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-июлдан 5-июлга чейинки аралыкта инспекторлор тарабынан 2 миң 570 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.
Анын ичинен:
— Мас абалында унаа башкаруу – 34;
— Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 8;
— Документтери жок унаа башкаруу – 45,
— Башка бузуулар – 2 миң 483.
Жалпысынан 417 автоунаа айып аянтчасына киргизилген.