Европа өлкөлөрүндө  коронавирус эпидемиясынын экинчи толкуну башталды деп билдирет Евроньюс. Учурда Испанияда дээрлик 300 миң адам карантинде.

Каталониянын агломерацияларынын биринде катуу изоляция киргизилгенден бир күн өткөндөн кийин, ушундай эле иш-чаралар дүйшөмбү күнү Галициянын 70 миң тургунуна карата колдонула баштады.


Ошол эле учурда, расмий Мадрид, жалпысынан, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө экендигин баса белгиледи.

Римде  кичине коркунуч пайда болсо кайра карантин киргизүүгө даяр. Италияда COVID-19дан каза болгондордун саны дээрлик 35 миң адамга жетти.


«Согуш дагы эле уланып жатат, инфекцияны жеңүү жөнүндө сүйлөшүүнүн кажети жок, кырдаал начарлап баратканын көргөндө инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн тез жана катаал чечимдерди кабыл алууга даярбыз»,- деди Италиянын Саламаттыкты сактоо министри Роберто Сперанза.